Абдыкеримова, Сатин (1919–1988) – акын. 1919-жылы Киров районундагы Бейшеке айылында туулган. С.Абдыкеримова кыргыз аялдарынын ичинен чыккан эң биринчи жазуучу акын.

Анын биринчи ырлар жыйнагы 1939-жылы жарык көрүп, орус тилиндеги ырлар жыйнагы 1958-жылы чыккан.

С.Абдыкеримова 1946-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.

Кыргыз совет адабиятына сиңирген эмгеги үчүн «Ардак белгиси» ордени, «1941 - 1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы каарман эмгеги үчүн» медалы жана Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун Ардак грамотасы менен сыйланган.

Бейшеке айылдык Советине депутаттыкка шайланган.


Жарык көргөн китептери түзөтүү

Кыргыз тилинде түзөтүү

Ырлар. - Ф.: Кыргызмамбас, 1949. - 46 б.

Ырлар жыйнагы. - Ф.: Кыргызмамбас, 1952. - 96 б.

Өчпөс нур: Ырлар жыйнагы. - Ф.: Кыргызмамбас, 1956. - 96 б.

Айыл ырлары: Ырлар жана поэма. - Ф.: Кыргызстан, 1964. - 68 б.

Алтын күз: Ырлар. - Ф.: Кыргызстан, 1969. - 114 б.

Таң шооласы: Ырлар. - Ф.: Кыргызстан, 1977. - 50 б.

Өмүр издери: Ырлар жана поэмалар. - Ф.: Кыргызстан, 1979.

Талант толкуну: Ырлар. - Ф.: Кыргызстан, 1988. - 104 б.


Орус тилинде түзөтүү

Стихи. - Ф.: Кыргызмамбас, 1958. - 62 с.

Милый край: Стихи. - Ф.: Мектеп, 1970. - 63 с.


Колдонулган адабияттар түзөтүү