Абсентеизм (латынча absentra- баш тартуу, катышпай коюу)- бийликтин өкүлчүлүк уюмдарын, мамлекет башчыларын шайлоодо шайлоочулардын добуш берүүдөн баш тартышы. А-дин болушу, бир жагынан, коомдогу адамдын эркиндигинин белгиси, адам өзүн алып жүрүүнүн варианттарын тандоо укугуна ээ. Экинчи жагынан, А-дин болушу граждандардын бир бөлүгүнүн шайлоонун жыйынтыгына ишенбөөчүлүгүн, талапкерлердин программалары жана убадалары менен граждандардын жашоо келечегинин ортосунда байланыштын жоктугун, шайлоо кампаниялары мезгил-мезгили, менен өткөрүлүп туруучу гана чоң саясий оюн экендигин көбүлөндүрөт. Граждандык коомдун институттары канчалык жогору өнүккөн болсо, адамдардын өзүн-өзү аныктоо мейкиндиги (өз алдынча ишинин болушу, мамлекеттик эмес структурада иштөө) канчалык кеңири болсо, анда А-дин дайыма жашап туруу мүмкүнчүлүгү ошончолук жогору болот. Адам укугу жана эркиндиги корголгон, экономикалык туруктуулук байкалган, социалдык системасы калыптанган өлкөлөрдө А. коомдун бир бөлүгү катары, астейдил көрүнүш болуп калат. Бирок. А. дайыма эле эркиндик жана жыргалчылык менен бирге болбостон, кээде граждандардын бийликтен четтелиши катары көрүнүп, саясатчыларга карата ишенимдин кетишин, саясий ишкердикке карата кызыкчылыктын жок экендигин билдирет. Эгер А. массалык көрүнүшкө айланса, анда өкүлчүлүк уюмдардын легитимдүүлүгүнө, шайлангандардын авторитетине коркунуч туулат. Ошондуктан А. саясий практиканы сындап баалоого себеп болот. А-дин өсүшүн саясий кризистин белгиси катары, саясатчылар альтернативдик варианттарды берүүгө жөндөмсүз деп кароого да болот. А-ди бойкоттон, саясатка каршылык көрсөтүү демонстрациялары аркылуу катышуудан, шайлоо кампаниясын үзгүлтүксүз учуратууга, бийликтин өкүлчүлүк системасын алсыратууга карата жасалган аракеттерден айырмалай билүү керек.

Байланыштуу барактар түзөтүү

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Саясат Таануу: энциклопедиялык окуу куралы, Башкы ред. Ү.Асанов, Жооптуу ред. А.Акунов, Бишкек 2004. ISBN 9967-14-011-9