Абсолюттук максимум метеорологиялык элементтердин (абанын температурасы, атмосфералык басымы жана башка) белгилүү бир чөйрөдө, аймакта, өлкөдө же жалпы эле Жер шарында көп жылдык байкоо жүргүзүүнүн негизинде аныкталган эң жогорку өлчөмү; эң ысык жер, мисалы, дүйнө жүзүндөгү температуранын абсолюттук максимум 57,8°С (Ливиядагы Эль-Азиз чөлү), Кыргызстанда 44°С (Чүй өрөөнүндө).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1