Абхазия, Абхазия Республикасы (абх. Аԥсны Аҳәынҭқарра) — Түштүк Кавказдагы жарым-жартылай таанылган, көпчүлүк өлкөлөр Грузиянын курамына кирген, бул аймакты Абхазия Автоном Республикасы деп эсептейт. Кара Деңиздин чыгыш жээгинде, Грузиянын түндүк-батышында Чоң Кауказ тоолорунун түштүгүндө жайгашкан.

Абхазия Республикасы
абх. Аԥсны Аҳәынҭқарра

Герб
Туу Герб
Мамлекеттик Гимни
Эгемендүүлүк күнү 23 июль 1992

 Грузия)

Расмий тили Абхаз тили
Борбор шаары Сухум
Ири шаарлар Ткварчели, Гагра, Очамчира, Гудаута, Гали
Башкаруу формасы Президенттик Республика
Президент Аслан Бжания
Мам. дини Динден тышкары
Аянты
• Жалпы
163чү - дүйнөдө
8665 км2 км²
Калкы
• Бааланган (2016)
Жыштыгы

243 564 адам
ад./км²
Этнохороним абхаздык
Акча бирдиги Абхаздык апсар, Рубль
Телефон коду +7 840 жана 7 940
Убакыт аралыгы UTC +3

Абхазиянын курамында 5 административдик район, 7 шаар, 4 шаарча бар. Калкынын көпчүлүк бөлүгүн абхаздар түзөт, ошондой эле армян, орус жана башка улут өкүлдөрү да жашайт. Шаар калкы 48%. Ири шаарлары: Сухуми, Ткварчели, Гагра, Очамчира, Гудаута, Гали. Аймагынын басымдуу бөлүгүн Башкы Кавказ кырка тоосунун тармактары ээлейт. Түштүк-батышын Кара деңиз чулгайт. Түштүк-чыгышында Колхида ойдуңунун ичке тилкеси созулуп жатат. Климаты ойдуңдарында жана тоо этектеринде жылуу, нымдуу субтропиктик, тоолордо нымдуу, мелүүн жана суук. Январдын орточо температурасы жээк тилкесинде 4-7°С, тоолорунда 2ден -2°Сге чейин, июлдуку 22-24°С жана 16-18°С. Жылдык жаан-чачыны [[1]] мм. Ири дарыялары: Кодори, Бзыбь. Көлү Рица. Ойдуңдары жана адырлары күл, кызыл, сары, тоолору күрөң, чымкөңдүү шалбаа топурактуу. Аймагынын 55%ин токой ээлейт, деңиз жээктеринде субтропиктик өсүмдүктөр өсөт. Рица, Пицунда Мюссерск коруктары уюшулган[1].

Тарых түзөтүү

Абхазиянын аймагына адамдар төмөнкү палеолит доорунда отурукташа баштаган. Биздин заманга чейин 1-миң жылдыктын аягында Абхазиянын аймагын мекендеген көптөгөн уруулар жөнүндөгү алгачкы маалыматтар жазма эстеликтерде (Страбон жана башка) эскериле баштайт. Биздин заманга чейин 6-кылымда Абхазиянын жээктеринде грек колониялары Диоскурия (азыркы Сухум), Питиунт жана башкалар пайда болгон. Биздин заманга чейин 2-кдын аягында Абхазия понтий падышасы Митридат VI Евпатордун, биздин заманга чейин 65-жылдан римдиктердин көзөмөлүнө өтүп, Себастопол (Сухуми), Питиунт (Пицунда) чептери курулган. Биздин заманга чейин 1-кылымдын аягында Абхазиянын аймагында жергиликтүү апсил, абазг жана саниг уруу бирикмелери калыптанган. 6-кылымда христиан дини расмий дин катары кабыл алынып, чиркөөлөр курула баштаган. 6-кылымдын ортосунан бүткүл Батыш Кавказ Византиянын көзөмөлүнө өткөн.

 
Византия империясы, 814чү жыл.

8-кылымдын 80-жылында Абхазиянын башкаруучусу Леон II өлкөнү Византиянын бийлигинен куткарып, борбору алгач Анакопия, кийин Кутаиси болгон Абхаз падышачылыгын негиздейт.

 
Абхаз падышачылыгы, 880чи жыл.

10-кылымдын аягы 15-кылымда Абхазия Грузин падышачылыгынын курамына кирген. 16-кылымда Абхазия өзалдынча княздык болуп бөлүнүп чыккан, бирок көп узабай түрктөр тарабынан каратылат. Сухумкале чеби түрктөрдүн Абхазиядагы таяныч чебине айланган. 17-18-кылымдарда Абхазия Осмон империясынын вассалына айланган соң ислам динин таратуу аракеттери күч алган. 18-19-кылымдын башында жергиликтүү элдер бир нече жолу (1725, 1728, 1733, 1771, 1806) Осмон бийлигине каршы көтөрүлүшкө чыккан. 1810-ж. Абхазия Россияга каратылган. 1862-ж. абхаз алфавити түзүлгөн. 1864-жылдан Абхазия түздөн-түз россиялык башкарууга өтүп, княздык «Сухумилик аскер бөлүмүнө» айландырылган. 1921-ж. 4-мартта совет бийлиги орнотулуп, Абхаз ССРинин түзүлгөндүгү жарыяланат. 1922-ж. Абхазия Грузин ССРинин курамында ЗСФСРге, 1922-ж. 30-декабрында ЗСФСРдин курамында СССРге кирген. 1925-ж. 1-апрелде биринчи Конституциясы кабыл алынган. 1931-жылдын февралынан Абхазия автономиялуу республика катары Грузин ССРинин курамында келген. 1989-ж. башталган грузин-абхаз чатагы 1992-94-ж. согуштук аракеттерге алып келген. 1994-ж. Абхазияга КМШ өлкөлөрүнүн тынчтыкты орнотуу күчтөрү, негизинен россиялык аскерлер киргизилет. Согуштук аракеттер токтотулгандыгына карабастан, бүгүнкү күнгө чейин Абхазиянын статусу жана анын Грузия менен мамилелери жөнгө салынбастан калып келет.

Тамак-аш (чай, тамеки, шарап, консерва жана башка), жеңил (булгаары-бут кийим, жибек кездеме өндүрүшү), жыгаччылык, машине куруу өнөржайы, курулуш материалдар өндүрүшү бар. Таш көмүр казылып алынат. Ткварчели ГРЭСи, Сухуми ГЭСи иштейт. Чай, тамеки, цитрус, эфир-май өсүмдүктөрү, тунг, мөмө-жемиш өстүрүлөт. Жүзүмчүлүк өнүккөн. Жүгөрү айдалат. Башкы порту Сухуми. Курорттору: Сухуми, Гагра, Пицунда, Жаңы Афон, Гудаута.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1
  1. Кайда туристтер токтото жакшы