Автоматташтырылган жумуш оруну

Автоматташтырылган жумуш оруну - компьютерде башкаруучунун кесиптик милдетин аткарууда керек маалыматтык ресурстардын, программалык-техникалык жана уюштуруу-технологияларынын, жеке же туташтырылган коллективдик колдонуу каражаттарынын тутуму. Ал компьютер негизинде түзүлүп, тиешелүү жабдууларды, программалык жабдыктарды камтыйт. Автоматташтырылган жумуш орунунун жардамы менен кызматкер текстти иштетет, кабар алат жана аны жиберет, кеңешмелерге катышат, документтердин өздүк архивин уюштуруп, алып жүрөт, эсептөөлөрдү аткарат жана жыйынтыгын жадыбал же график түрүндө алат. Административдик-башкаруучунун, конструктор же долбоорлоочунун, архитектордун, бухгалтердин жана башка автоматташтырылган жумуш орундары кеңири белгилүү.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1