Автотермелүү — сырткы өзгөрмөлүү күч аракет кылбаса деле кандайдыр бир системадагы басаңдабоочу термелүү. Анын амплитудасы, жыштыгы, мезгили ошол термелүүчү системанын гана касиеттерине көз каранды болот. «Автотермелүү» терминин 1928-ж. орус физиги А. А. Андронов киргизген. Ал принципиалдуу түрдө термелүүнүн башка түрлөрүнөн айырмаланат. Мисалы, аргасыз термелүүдө бул термелүүлөр болуп турушу үчүн системага сырттан мезгил-мезгили менен аракет этүүчү күч талап кылынат. Автотермелүүгө мисал катары сааттын маятнигинин термелүүсү, электр коңгуроосун жана радиотехникалык генератордогу электр термелүүлөрүн караса болот. Термелүү басаңдабаш үчүн булактан системага берилген энергия анын сарпталган энергиясын толуктап туруусу зарыл. Мындай толуктоо жалпысынан термелүүнүн ар бир толук мезгилинде болуп турат. Автотермелүүнү пайда кылуучу система энергия булагынан үзгүлтүксүз энергиянын келип турушун жөнгө салуучу түзүлүштөн турат. Мисалы, саатта маятник термелүүчү система, пружина энергиянын булагы, анкер энергиянын маятникке келишин жөндөйт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1