Адабият таануу - көркөм адабияттын маңызын, анын өзгөчөлүгүн, пайда болушун, коомдук милдетин жана тарыхый-адабий процесстин мыйзамченемдерин изилдөөчү илим. Үч бөлүктөн турат: адабият теориясы, б. а. рухий жана көркөм ишмердиктин бөтөнчө формасы болгон адабияттын өзгөчөлүгүн, көркөм тексттин структурасын, адабий процесс менен чыгармачылык методдун факторлорун изилдейт; адабият тарыхы дүйнөлүк адабияттын, улуттук адабияттардын өнүгүп-өсүү процессин (анын ичинен метод, стиль, доор, багыттардын алмашуусун), айрым жазуучулардын чыгармачылыгын иликтейт; адабий сын көбүнчө учурдагы чыгармаларды талдайт жана баа берет, адабияттын коомдук турмуштагы эстетикалык маанисин жана ролун аныктайт. Азыркы адабият таануу эстетика, философия, тил илими, тарых, социология, психология менен ажырагыс тыгыз байланышта. Адабият таануунун башатында антикалык доордун философтору жана акындары, Чыгышта байыркы жана орто кылымдагы кытай, инди жана араб ойчулдары турушат. Адабият таануу өз алдынча илим катары 19-кылымда калыптанып, ар түрдүү илимий методдор пайда болгон. Өзүнүн тарыхый өнүгүшүндө элдин рухий жаңылануусун кенен жана терең чагылдыруу менен көп кырдуу, көп боёктуу турмушту таанып-билүүнүн эң таасирдүү формасына айланган. Кыргыз адабияты дүйнөлүк көркөм турмуштун, акыл-ойдун катарына ишенимдүү кошулган дешке толук негиз бар. Кыргыз адабият таануу илими элдин адабий, эстетикалык жактан өсүп-өнүгүшүнүн мыйзамченемдери, улуттук адабияттын калыптануу процессинин өзгөчөлүктөрү, фольклордук салттар менен реалисттик тажрыйбанын кандайча айкалышып жаткандыгы, кыргыздын көркөм чыгармачылыгында жашап келген түрлөрдөгү жана жанрлардагы жаңы сапаттык өзгөрүүлөр, мурда болбогон түрлөр менен жанрлардын өсүп-өнүгүшүн шарттаган коомдук-эстетикалык факторлор, социалдык шарттардын, искусствонун милдеттеринин өзгөрүшү менен бирге адабияттын тематикасындагы адабий өзгөрүүлөр, анын турмушун көркөм түрдө көрсөтүү жолдорунун, каражаттарынын байышы ж. у. с. маселелерди кароого жана чечүүгө аракет кылып келе жатат. Кыргыз элинин көркөм сөз чыгармачылыгын, айрыкча фольклорун изилдөөдө М. 0. Ауэзов, В. В. Жирмунский, М. И. Богданова ж. б. окумуштуулар эмгектеништи. Кыргыз адабиятчыларынын бир тобу (К. Асаналиев, А. Садыков, К. Артыкбаев, С. Жигитов, А. Акматалиев ж. б.) илимдин бул тармагында активдүү иштешти.

Б. з. ч. 56-кылымдарда Байыркы Грецияда адабият менен искусствонун чыгармаларын баалоонун карама-каршы эки принциби пайда болуп, ошол кылымдын алгачкы мезгилинде алыскы жана Орто Чыгыш өлкөлөрүндө адабият өнүгүүнүн дагы бир баскычына көтөрүлөт. Иран жана Орто Азиядагы Адабият таануу араб тилинде өнүгө баштайт. Европа өлкөлөрүндө Адабият таануунун тарыхында жаңы этап башталат. А. Н. Радищев (1749–1802) биринчи болуп адабияттын коомдук-тарбиялык милдеттерин элди эзүүчүлөргө каршы боштондук күрөшүнө кызмат кылуу милдети менен байланыштырган. В. Г. Белинский (1811–1848) орустун Адабият таануусунда жаңы доор баштап, материалисттик эстетиканын негизин салды. Адабияттагы жаңы багыт үчүн күрөш А. И. Герцендин (1812– 1870), Н. Г. Чернышевскийдин (1828–1889), Н. А. Добролюбовдун (1836–1861) эмгектеринде улантылды.

Адабият таануу ХХ кылымда өнүгүп, адабиятты коомдук көрүнүш деп, конкреттүү образдар жана сүрөттөр аркылуу чындыкты таануунун өзгөчө түрү катары карашты, тарыхты илимий материалисттик түрдө таанууга таянышып, коомдук аң-сезимдин бардык башка түрлөрү сыяктуу эле адабияттын өсүп-өнүгүшү да коомдук, экономикалык түзүлүштөгү, тап күрөшүндөгү өзгөрүүлөр менен шарттала тургандыгын айтышты, искусствого баа берүүнүн объективдүү чени катары адабий чыгарманын көркөмдүк баасы элдин күрөшүн канчалык даражада чагылткандыгына жараша болорун белгилешти. Кыргыздын адабият илими элдин адабий, эстетикалык жактан өсүп-өнүгүшүнүн мыйзам ченемдүүлүктөрү, улуттук адабияттын калыптануу процессинин өзгөчөлүктөрү, фольклордук салттар менен реалисттик тажрыйбанын кандайча айкалышып жаткандыгы, кыргыздын көркөм чыгармачылыгында жашап келген түрлөрдөгү жана жанрлардагы жаңы сапаттык өзгөрүүлөр, мурда болбогон түрлөр менен жанрлардын өсүп-өнүгүшүн шарттаган коомдук-эстетикалык факторлор, социалдык шарттардын, искусствонун милдеттеринин өзгөрүшү менен бирге адабияттын тематикасындагы өзгөрүүлөр, анын турмушту көркөм түрдө көрсөтүү жолдорунун, каражаттарынын байышы жана ушул сыяктуу маселелерди кароого жана чечүүгө аракет кылып келе жатат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1