Адамдын маданий укуктары

Адамдын маданий укуктары – маданий жана илимий турмуш чөйрөсүндө адам мүмкүнчүлүгүнө конституция жана мыйзамдар тарабынан кепилдик бериле турган укук менен эркиндиктердин өзгөчө топтому. Адамдын маданий укуктарына билим алуу укугу, окутуу эркиндиги (академиялык эркиндик), чыгармачылык эркиндиги, маданий турмушка катышуу жана маданият мекемелерин пайдалануу укугу, маданий байлыктардан пайдалануу укугу кирет. Ошентип, Адамдын маданий укуктары социалдык дагы (м.: билим алуу укугун), жеке дагы (м.: чыгармачылык эркиндикти) укук менен эркиндиктерди камтыйт. КРде ал КР Конституциясында бекемделген.


Колдонулган адабияттар түзөтүү