Адам укуктарынын жалпы декларациясы

Адам укуктарынын жалпы декларациясы — адам укугу боюнча биринчи ийкемдүү эл аралык акт. 1948-жылдын 10-декабрында БУУнун Башкы Ассамблеясы 217 А (III) («Адам укугунун эл аралык пакты») резолюциясынын негизинде Париждеги Шайо сарайында кабыл алган.

Элеонора Рузвельт «Адам укуктарынын жалпы декларациясы» менен

Декларациянын тексти дүйнөнүн 375 тилине жана диалектилерине которулган жана адам ээ болгон укуктардын алгачкы глобалдык аныктамалары болуп эсептелет. Декларация Алгы сөздөн (Преамбула) жана 30 беренеден турат.

Аларда адамдын негизги жарандык, саясий, социалдык, экономикалык жана маданий укуктары менен эркиндиктери жарыяланган. Адам укуктарынын жалпы декларациясы эл аралык келишим болуп эсептелбегендигине карабастан, эл аралык тажрыйбадан, салт-каадалардан улам гуманисттик мүнөзүнө ылайык милдеттүү күчкө ээ.

Булактар түзөтүү

  • Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору,авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7

Тышкы шилтемелер түзөтүү