Аддитивдик (лат. additivus – кошулуучу) – бүтүн объектиге туура келген чоңдуктун мааниси, ошол объектинин тиешелүү бөлүктөрүнүн чоңдуктарынын маанилеринин суммасына барабар болушун туюнтуучу касиет.

Мисалы: көлөмдүн аддитивдиги бүтүн нерсенин көлөмү аны түзүүчү бөлүктөрдүн көлөмдөрүнүн суммасына барабар экендигин көрсөтөт. Адиттивдик касиетке сызыктын узундугу, беттин аянты, физикалык нерсенин массасы ж. б. ээ болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү