Адилет (юстиция) министирлиги – аткаруу бийлигинин аныкталган ишмердик чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты камсыз кылуучу органы. КР юстиция органдарынын бирдиктүү тармагын Адилет (Юстиция) министирлиги, анын аймактык органдары, юстициянын башка органдары, мекемелери, ошондой эле жазаларды аткаруу органдары жана мекемелери, күзөтүү жана кайтарып айдап баруу бөлүмдөрү түзөт.Адилет (Юстиция) министирлигинин негизги милдеттери:
а) аткаруу бийлик органдарынын ишмердигин укуктук камсыз кылуу жана КР демократиялык укуктук мамлекетинин андан ары өнүгүүсүнө өбөлгө түзүү;
б) жарандардын, юридикалык жактардын, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын жана мамлекеттин аткаруу бийлигинин мамлекеттин органдарынын ишмердигине байланыштуу укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылуу;
в) аткаруу бийлик органдарынын ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдоо жана аларды белгиленген тартипте кабыл алуу боюнча ишмердиктерин жөнгө салууну камсыз кылуу;
г) берилген ыйгарым укуктардын чектеринде жана мыйзамдарда белгиленген тартипте мамлекеттик каттоонун жолжоболорун камсыз кылуу; д) сот жана башка органдардын актыларынын аткарылышын камсыз кылуу;
е) кылмыш -жазаларынын аткарылышын камсыз кылуу;
ж) укук маселелери боюнча эл аралык байланыштарды камсыз кылуу ж. б.

Кыргыз Республикасынын адилет министирлиги түзөтүү

Кыргыз Республикасынын адилет (юстиция) министрлиги Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети 1991-жылдын 15-Чын Куранында чыккан жобонун негизинде түзүлгөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү