Административдик чыгарып салуу

Административдик чыгарып салуу (депортация) чет өлкөлүк жарандар менен, жарандыгы жок адамдар КРдин чегинен: 1) эгерде анын аракеттери мамлекеттик коопсуздукту камсыз кылуунун, же коомдук тартипти сактоонун кызыкчылыктарына каршы келсе; 2) эгерде бул калктын саламаттыгын жана адеп-актыгын сактоо, КР жарандарынын жана башка адамдардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоо үчүн зарыл болсо; 3) эгерде ал укуктук абал жөнүндө мыйзамдарды жана алардын КРде болуу тартибин же мыйзамдарды бир нече жолу орой бузса, чыгарылып жиберилет. [1]

Шилтемелер түзөтүү

  1. Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору,авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7