Администрациялык адеп (этика)

Администрациялык адеп (этика) - мамлекеттик органдардын, ишканалардын жетекчилеринин жана мамлекеттик кызматчылардын кесиптик жумушунда жетекчиликке ала турган адеп-ахлак баалуулуктарынын, принциптердин жана түшүнүктөрдүн жыйындысы. Мамлекеттик кызматчыда кесипкөйлүктөн тышкары, чынчылдык, мыйзам алдындагы жоопкерчилик, ишин илгерилетүүгө умтулуу, жарандарга сый мамиле кылуу, тартиптүүлүк сыяктуу адеп-ахлактык сапаттардын болушу талап кылынат. Өлкөдө 2001-ж. 9-январда КРнын Президентинин Указы менен «Мамлекеттик кызматчылардын этикасынын негиздери жөнүндөгү жобо» бекитилген. Жободо төмөнкүдөй негизги принциптер каралган: жогорку кесиптик деңгээлде милдеттерин аткаруу, жүрүм-турум эрежелерин сактоо, сылык, чыдамдуу, принципиалдуу болуп, маселенин маани-маңызын жете түшүнүүгө умтулуу, каршысын уга билүү жана чечимдерди таразалап, негиздеп кабыл алуу, башка кызматчылар тарабынан адеп бузууларды көңүлкош калтырбоо, өзүнө баш ийген кызматчыны туура эмес ишке жана мыйзам бузууга түртпөө, мамлекеттик жашырын сыр болгон кызматтык маалыматтарды жайылтпоо, башка адамдар менен жетекчисинин жана өзүнүн иш-аракеттерин талкуулабоо, кызмат абалын өзүнүн же жакындарынын кызыкчылыгына пайдаланбоо жана башка. Мындан тышкары «Судьялар этикасынын кодекси» кабыл алынган. Анда судьялардын жүрүм-турум эрежелери баяндалган. Бекитилген этика ченемдеринин мамлекеттик кызматчылар тарабынан бузулушу аларды кызматтан бошотууга негиз болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1