Адсорбциялоочу заттармедицинада газдардан же суюктуктардан түрдүү заттарды сиңирип алуучу дары заттар.

Адсорбциялоочу заттарга активдештирил; ген көмүр, крахмал, тальк, бор жана башка кирет. Алар сууда эрибейт, терини жана былжырлуу челди дүүлүктүрбөйт. Адсорбциялоочу заттар өтө майдаланган же атайы иштетилгендиктен сиңирүү бети (аянты) чоң болот. Ичеги-карындан зыяндуу жана ашыкча газдарды сиңирип алууда (мисалы, активдештирилген көмүр), жарааттарды, сезгенип сууланган терини кургатууда (мисалы, тальк), ошондой эле противогаздарда (ууландыруучу заттардан сактанууда) пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8