Ажайыпкана
Ажайыпкана (орус. зоопарк), (ар. “эджейеб” укмуштуу, ир. “хана” – үй) – ар түрдүү жапайы айбанаттар менен канаттуулар багылган жай.
“Манас” эпосунда Анжиянды бийлеген Алоокенин чарбагындагы “падышалык салтанат үчүн багылган” түрдүү жаныбарлар, мурда киши көрбөгөн, аты-затын да укпаган мифтик-фантастикалык жандыктар ажайыпканада сүрөттөлөт.
Колдонулган адабияттар түзөтүү
- Философия: энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8