Айдарбек уулу Алтай (1872, Нарын өрөөнү өлгөн жылы белгисиз) — төкмө акын. Акын, фольклор жыйноочу. Элдик ыр казынасын мыкты билген. Фольклор жыйноочу К. Мифтаков Алтайга 1922-жылы жолугуп, «Замана», «Санат» ырларын, жарамазандарын, «Асан Кайгынын батасын», «Калмырза менен Найманбайдын», «Найманбай менен Бекназардын айтыштарын» Кайыпбулак деген жерден өз оозунан жазып алган. Ал Калыгулдан келаткан «Замана» тематикасына кайрылган. Бирок, Алтай “Замана” санат ыр (кара ыр) деген берилген чыгармаларынын маани-маңызына, ал тарыхтагы маалыматтарга таянып карасак, өзүнүн кыял чабытын эркин жүгүртүп термелей алган санатчы, ошондой эле эл фольклорунун баалуу мурастарын жакшы билген ырчы болгондугун күбөлөйт. К. Мифтаков Алтайдын чыгармачылык ажары ачылып турган 50 жаш курагында жолукканы менен, анын билгендеринин баарын жазып алууга үлгүрбөгөн. Алтайдын мурастарынын негизги бөлүгүн жарамазандар түзөт. Диний ырым-жырымдар «Ак үйлүү бай», «Доом бар», «Азирейил», «Дүнүйө», «Мукамбет», «Жарамазан», «Орозо», «Чатыр-мутур», «Бата» жана башка чыгармаларында чагылдырылган.

Булактар түзөтүү

  • Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004
  • “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1