Акматов Мадан 1923-жылы 15-мартта Сузак районунун Үч-Малай айылында туулган.

  • 16 жашынан “Ленин Жол” колхозунда учетчик болуп иштей баштаган.
  • 1942-жылы Улуу Ата Мекендик согушка кетип, Түштүк фронтко түшүп, “Катюша” бөлүгүнө кабыл алынат.
    • Улуу Жеңиш күнү 9-майды, Германия Мюнхен шаарында тосот.
  • Согуштан келгенден кийин колхоздо 2-брига-данын бригадири болуп иштей баштаган.
  • 1963-жылы “Дружба” совхозу жаңы уюшулуп, тамекичилик брига-даларына агроном болуп дайындалат.
  • 1976-жылы ошол эле совхоздун жандыктарына тоют даярдоо бригадасына бригадир болуп которулат.
  • 70 жашка чыкканы совхоз тарабынан чоң той кылып белгиленип, ардактуу эс алууга чыккан.
  • Айыл арасында кадыр-барктуу аксакал болгон.
  • Бир канча медалдардын ээси.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3