Алдын ала айтуу теориясы (орус. Предсказание) – келечекте боло турган окуялар тууралуу керемет билимдер; алдын ала айтып жаткан адам келечекке таасир бере албайт, анын пикири боюнча алдын ала айтылып жаткан кубулуштар алдын ала аныкталып коюлган.

Телепатия жана көзү ачыктык сыяктуу эле Алдын ала айтуу сезим органдарынын катышуусуз жүрөт жана экстрасенсордук кабыл алуунун бир формасы болуп саналат. Түш көрүү, канаттуулардын учушуна байкоо жүргүзүү же курмандыкка чалынган жаныбарлардын ички органдарына төлгө салуунун (Мисалы: кыргыздарда койдун далысына карап жоромол кылуунун) негизинде келечекти Алдын ала айтуу тууралуу жомокторго, уламыштарга таянган эски салт бүгүнкү күнгө чейин сакталып калган. Алдын ала айтууга болгон жөндөмдүүлүк Алдын ала айттып жаткан адам тарабынан аралаштырылган картанын тартибин же ыргытылган сөөктүн (чүкө) комбинацияларын баалоо жолу менен аныкталган. Бирок, алынган статистикалык маалыматтар телепатия же көзү ачыктык кылуу чөйрөлөрүндөгү эксперименттерге караганда анча ынанымдуу болгон эмес.

Алдын ала айтуу илимий таанымдын тигил же бул кубулуштар менен процесстерди божомолдоочу формасы болуп эсептелген алдын ала көрүүдөн (орус. предвидение) айырмаланат. Алдын ала көрүү Алдын ала айтууга караганда теориялык жана эксперименттик маалыматтарды жалпылоого, мыйзам ченемдүүлүктөр менен кубулуштардын байланышын эске алууга негизделет. Алдын ала көрүү билгич тыянактарын азырынча таанылып билине элек чөйрөгө таратат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8