Алдын ала көрүү – берилген моментте белгисиз, бирок, келечекте пайда болуучу жана изилденүүчү жаратылыш кубулуштарын жана коомдук процесстерди илимий мыйзамдардын негизинде аныктоо жана сүрөттөп жазуу (Мисалы: пайдалуу кен-байлыктардын жаткан жерин, запасын, касиеттерин ж. б. у. с. алдын ала баалоо жана изилдөө).

Алдын ала көрүү илимий, күнүмдүк (элдик жоромолор), интуитивдик, диний (мантикалык же төлгө) болуп бөлүнөт. Диний же мантика формасындагы Алдын ала көрүү пайгамбарлар менен көзү ачыктардын «аяндары», ошондой эле төлгө түрүндө болот.

Алдын ала көрүү конкреттештирүүнүн бир нече формасына ээ:

  1. бардык жан-жаныбарларга мүнөздүү болгон алдын ала сезүү (орус. предчувствие) (Мисалы: бирөөнүн айтайын деген оюн андан мурда сезүү же айтып коюу);
  2. адамдын келечек тууралуу жеке тажрыйбасына негизделген интеллектуалдык ишмердүүлүгүнүн бир түрү болуп эсептелген алдын ала болжоп билүү (орус. предугадывание);
  3. кандайдыр бир кубулуштун перспективаларын илимий негизде атайы изилдеген божомолдоо;
  4. жаратылыш менен коомдун өнүгүү мыйзамдарын изилдеген илимий Алдын ала көрүү

Мындан сырткары Алдын ала көрүүнүн төмөнкүдөй формалары бар:

  1. квазиалдын алдын-ала көрүү (лат. quasi – өңдөнөт, сыяктанат) – өткөн мезгилдердеги жана учурдагы белгисиз кубулуштардын келечегин изилдөө;
  2. реконструктивдик Алдын ала көрүү – өткөн мезгилдин кубулуштарын сакталып калган айрым фрагменттер боюнча изилдөө (Мисалы: байыркы имараттарды же тексттерди ойдо, аң сезимде реконструкциялоо);
  3. реверсивдүү Алдын ала көрүү – тенденцияны учурдан келечекке карай логикалуу улантуу;
  4. презентивдүү Алдын ала көрүү. – Мисалы: душмандын азыркы учурда жасап жаткан же жасоочу субъектке белгисиз ыктымалдуу иш-аракеттерин баалоо;
  5. имитациялык Алдын ала көрүү – Алдын ала көрүүнүн тигил же бул методунун ишенимдүүлүгүн аныктоо максатында кубулуштун кандайдыр бир өнүгүшүн байыркы мезгилден бүгүнкү учурга чейинки жолун анализдөө.

Илимий Алдын ала көрүү 15–17-кылымда пайда болгон. Илимий Алдын ала көрүүнүн философиялык маселелерине Алдын ала көрүүнүн гносеологиясы жана логикасы, Алдын ала көрүүнүн гипотеза, мыйзам, адамдардын аң сезиминин чындыкты алдын-ала чагылдыруу жөндөмдүүлүгү ж. б. менен болгон алакалары кирет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8