Луи Пьер Альтюссе́р (фр. Louis Pierre Althusser; 16 октябрь 1918, Алжир — 23 октябрь 1990, Ляверьер) – француз философу, марксист.

Альтюссер, Луи

Луи Альтюссер
Толук аты-жөнү Луи Пьер Альтюссер
Англис тилинде Louis Pierre Althusser
Төрөлгөн 16.10.1918
Алжир
Көз жумган 23.10.1990
Ляверьер, Ивелин, Франция
Доор XX кылымдын философиясы
Аймак Батыш философиясы
Мектеп Марксизм, Структурализм, Структуралистикалык Марксизм
Кызыккан темалар Идеология, Саясий философия, Саясий экономика, эпистемология
Олуттуу идеялары Маркстан Эпистемологиялык ажырашуу» , Сверхдетерминация, Интерпелляция

Париждеги жогорку нормалдуу мектептин профессору, Испаниядагы жана Франциядагы граждандык согуштун катышуучусу. Философиянын теориялык жана методологиялык көйгөйлөрүн диалектиканы, таанып билүү теориясын, илимдердин байланышын: идеологияны жана философияны; теорияны жана практиканы (теориялык тажрыйбаны илимдердин өндүрүшү катары) таанып билүүнүн өзгөчөлүгүн, философиянын предметин жана тарыхын иштеп чыккан.

Альтюссер марксизмди илимдин жана философиянын теориясы, илимий жана философиялык революция катары ой жүгүртүүгө аракет кылат. Альтюссер биринчи кезекте марксисттик философиянын теориялык таанып билүүчүлүк көйгөйлөрүн бөлүп берген жана «Капиталдын» консептуалдык түзүлүшүн анализдейт. Альтюссер илим менен идеологияны бири-бири менен карама-каршы коет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү