Англиянын Орто Азияга интервенциясы

АНГЛИЯНЫН ОРТО АЗИЯГА ИНТЕРВЕНЦИЯСЫ (1918–1920) – Советтик Россиянын курамынан Түркстан аймагын бөлүп, Англияга колониялык мамлекетти түзүү үчүн куралдуу күрөш. Англичандар мындай мүдөөнү 17-кылымдан башташкан. Россияда жаңы бийликтин келиши менен өз мүдөөсүн конкреттүү түрдө ишке ашырууга киришкен.

Түркстан АССРнин 1918-жылы 30-апрелде түзүлгөн куралдуу күчтөрүнүн аракеттери англиялык империалисттерге жана алардын жардамчыларына 4 фронтто: Жетисууда – ак гвардиячыл казак-орустарга жана «алаш ордочуларга», Оренбургда – Дутов менен Толстовдун ак казак-орустардан турган бандаларына, Ферганада – «Кокон автономиясына», Закаспийде – Англия интервенттерине, орус ак гвардиячыларынын жана контрреволюциячыл түркмөн улутчулдарынын кошмо күчүнө каршы жүргүзүлгөн. Интервенттердин күчтөрү четинен жеңилип турган.

М.В.Фрунзенин командачылыгы менен Түркстан фронтунун түзүлүшү (1919-жыл, август) абалды жакшырткан. 1920-жылы 6-апрелде Красноводск бошотулуп, 2-февралда Кызыл Армиянын жардамы менен Хивада хандын бийлигин кулатышып, 26-апрелде Хорезм Совет Эл Республикасына жарыяланды, апрелде Жетисуу фронтунда актардын аскерлери талкаланды. Бухара эмиратында революция жеңип, 1920-жылы 8-октябрда Бухара Совет Эл Республикасына жарыяланган.

Адабият түзөтүү

Кыргыз тарыхы.Энциклопедия. Бишкек, 2003
“Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети”
“Башкы ред. Ү.А. Асанов, жооптуу ред. А. А Асанканов”
Ред. кеңеш: Ө.Ж Осмонов (төрага), Т.Н Өмүрбеков (жооптуу катчысы), А.Жуманалиев ж.б.”


Интернеттик шилтемелер түзөтүү