Аносмия — жыт сезүүнүн жоголушу. Көбүнчө мурун бүтүү, мурун тосмолорунун кыйшаюусу, шишиги, картаңдардын мурдунун былжыр челинин атрофиясы, ошондой эле борбордук жана четки нерв тутумунун жабыркашы себеп болот, даам сезүүдө жыт сезүү өтө чоң роль ойнойт, ошондуктан aносмияда даам сезбей калат. Дарылоо аны пайда кылган себептерге жараша жүргүзүлөт.

Булактар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8