Антропософия (гр. antropos – адам жана sopia – акылмандык) – 20-кылымдын башында өнүккөн «жашыруун рухий күчтөрдү» алып жүрүүчү адам жөнүндөгү мистикалык окуу.

Штейнер

Теософиядан бөлүнүп, Штейнер эксперименттик илимге айлантканга аракет кылат жана адамдын жашыруун жөндөмдүүлүктөрүн өзгөчө көнүгүүлөрдүн жардамы менен (музыка, медитация ж. б.) ачып көрсөтүүнү максат кылган. Бул кызматтын Штейнердин сунушу боюнча, чыгыш Европада жана АКШда кенири таралган системасы аткарыш керек.

Орто кылымдагы (антикалык мистерийлер, христианчылык), байыркы диндер жана акультизм салттык окуулары Антропософияда табигый илимдердин жана жаңы мезгилдин философиясынын элементтери менен биригишет. Антропософиялык коом Штейнер тарабынан 1913-ж. Дорнах шаарында (борбору Швейцария) негизделген. 20-кылымда Антропософия окуусу Европанын бир катар өлкөлөрүндө көркөм чыгармачыл интеллигенциянын ортосунда да таасирге ээ болгон.


Колдонулган адабияттар түзөтүү