Апоха (мааниси-ажыратуу, айырмалоо, четке кагуу) – түшүнүктөрдүн терс жана салыштырмалуу маанилерин жактоочу, бекемдөөчү махаяндык буддизмдин логикалык-гносеологиялык концепциясы.

Апоха бардык эле феноменалдуулуктун «кош маанисиздик» жана принципиалдуу иллюзордуулук, чыныгы субстанциалдуулукту таза бир бүтүн маныздар дүйнөсүнө кийирүү жоболорунан келип чыккан. Апоха боюнча түшүнүктөрдө туюнтулган бардык ойлоо процесси абстракцияларды жыйынтыктоочу конструкция болуп саналат .

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8