Апперцепция (лат. ad – алдында жана kuperceptio – кабылдоо) – адамдын психикалык ишмердигинин жалпы мазмунунун жана бүтүндөй тажрыйбасынын анын предметтерди, кубулуштарды кабылдоосуна тийгизген таасирин туюнтуучу философиялык жана психологиядык түшүнүк.

Апперцепция термини Лейбниц тарабынан киргизилген, ал кеңири мааниде аң-сезим дегенди туюнтуп, мурунку билим менен шартталган жандагы тажрыйбанын, кабылдоонун элементеринин көрүнүшүн билдирген. Канттын философиясында Апперцепция ойлонуучу субъекттин өздүк аң-сезимин мүнөздөйт. Апперцепция түшүнүгүнүн эволюциясы психологиянын өнүгүшү менен да тыгыз байланышкан. В. Вундтун пикирине ылайык, адамдык психикалык чыгармачылыгын шарттаган Апперцепция өзүнө төмөндөгүдөй аспектилерди бириктирет: кабылдоолорду ачык, так сезүү, өздүк аң-сезим, ойлоо ишмердигин синтездөөчү көңүл буруунун ишмердиги – азыркы психологияда бул түшүнүк индивиддин турмуштук тажрыйбасынын, кабылдоонун жыйынтыгы катары каралат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү