Арал (Ноокен району)

Арал, Ноокен району‎»‎ барагынан багытталды)

АралКыргызстандын Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы айыл. Арал айыл аймагына кирет.

Айыл
Арал
Өлкө

Кыргызстан

Тарыхы жана Географиясы
Калкы
Калкынын саны

7313[1] (2009)

Жыштыгы

адам/км2

Улуттук курамы

Кыргыз, Өзбек, Татар, Араб, Уйгур, Орус.

Диний курамы

Ислам, Христиан

Сандык идентификаторлор
Убакыт аралыгы

+6

Почта индекси

721202

Арал, Ноокен районунун эң кооз айылдарынын бири. Ал Жогорку Арал жана Төмөнкү Арал айылдарынан турат. Райондун борбору Масы кыштагынан 10 км түштүк-чыгаш тарапта, облустун борбору жана темир жол бекети – Жалал-Абад шаарынан 48 км. Кара-Үӊкүр (Тентексай) суусунун оӊ жээгинде жайгашкан.

Калкы негизинен пахтачылыкта, дан өсүмдүктөрүн жана жашылча өстүрүүдө эмгектенет. Пахтаны кайра иштетүүчү заводдору, май чыгаруучу цех, тегирмендер, акжуаздар иштейт. Орто жана башталгыч мектеп, чоң бала-бакча жана спорттук залдар, кесиптик-техникалык окуу жай, амбулатория, фельдшердик-акушердик пункт, аптека, маданият үйү, эс алуучу жайлар жана стадион бар. Азыркы учурда айыл дагы өнүгүүдө.[2]

Тарыхы түзөтүү

1932-жылы 3 айылдан турган: Бостон, Интернационал, Кашкарплан - Жогорку Арал.

1934-жылы Бостон айылы – “Новый путь”, Интернационал – “Кахраман”, жогоркусу – Арал колхоздору болгон. Алар Сакалды айылдык кеӊешине караган.

1960-1961-жылдары колхоздор жоюлуп, Майлысуу тоо кен башкармасынын жумушчуларын мөмө-жемиш жана жашылча менен камсыз кылуу максатында “Арал” көмөкчү чарбасын болуп түзүлгөн.

Райондун пахта планын көбөйтүү үчүн кайрадан 1964-1965-жылдары “Арал” совхозу болуп түзүлгөн.

Ал 1972-1973-жылдары “СССРдин 50 жылдыгы” совхозу деп аталган.

1996-жылга чейин Сельсовет болгон.

Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери менен сыйланган. [3]

Калкы түзөтүү

Калкы ― 7313 киши (2009-жылы)[1].

Булактар түзөтүү

  1. 1.0 1.1 Перепись населения Киргизии 2009. Джалал-Абадская область. Текшерилген күнү 24 -август (баш оона) 2014. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.
  2. “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
  3. Жалалабат облусу: Энциклопедия / Башкы ред.: Ү. Асанов; Редкол.: Ж. Шарипов, А. Акпаралиев, Б. Асанбеков. - Б. : [б. и.], - 2003. ISBN 5-89750-159-9