Арахноидит — мээнин же жүлүндүн тор кабыгынын сезгениши; демейде мээнин жумшак кабыгынын сезгениши менен чогуу болот.

Арахноидит жугуштуу оору түзөтүү

Арахноидит катуу кармаган жана өнөкөт жугуштуу оорулардан, мисалы, грипп, мурундун кошумча коңулдарынын, бадам сымал, кулак бездеринин ириңдүү сезгенишинен, баштын жана омуртка тутумунун травмасынан кийин, коргошун менен өнөкөт уулануунун натыйжасынан пайда болот.

Арахноидиттин пайда болушуу түзөтүү

Араноидитте тор кабык менен жумшак кабык калыңданып, жүлүн суюктугунун циркуляциясы бузулат, баш сөөктүн ички басымы жогорулап, баш ооруйт. Көрүү нервдерин каптаган кабыктын сезгенүүсүнөн көрүү начарлайт; мээнин арткы бөлүктөрүнүн арахноидитинде баш айланып, кулак начар угат, тең салмактуулук бузулат. Жүлүн дүмүрчөктөрүнүн кабыгы сезгенгенде дене, кол, бут ооруйт. Арахноидиттин диагнозу жана себептери оорулууну неврологиялык бөлүмдө абдан тыкан текшерүүдөн кийин аныкталат. Оору өнөкөткө өтөт, күчөп кеткен учурда узак убакытка баш ооруйт, көзү начар көрүп, кулагы укпай калышы мүмкүн. Арахноидиттин алдын алууда ооруларды өз учурунда дарылоо керек.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8