Арифмометр — арифметикалык амалдарды (кошуу, кемитүү, көбөйтүү, бөлүү) аткарууну механикалаштырып эсептөөчү кол машина.

Арифмометр 1932 жылкы чыгарылышы.

Биринчи эсептөө машинасын 1623-жылы Шиккард ойлоп таап, 1641-ж. Б. Паскаль суммалоочу машинаны жасаган. Аны 1671-ж Г. Лейбниц өркүндөткөн. 1878-ж. П. Л. Чебышев көбөйтүү жана бөлүү амалдарын аткаруучу машинаны түзгөн. 1890-ж. В. Т. Однер жасаган арифмометр кеңири тараган. Ал «Феликс» деген ат менен чыккан. Эсептөө техникасынын өнүгүшүнө байланыштуу азыр арифмометр колдонулбайт.

Феликс эсептөө машинасы (Суу Музейи, Санкт-Петербург)
Арифмометр Facit CA 1-13
Арифмометр Mercedes R38SM

Колдонулган адабият түзөтүү

  • Математика: энциклопедиялык окуу куралы/ Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, - 2004