Аскер кызматчылары – КР жана КМШ Куралдуу Күчтөрүндө, КР ИИМдин, жарандык коргонуунун аскер бөлүктөрүндө, ошондой эле КРдин башка министрликтери менен ведомстволорунун аскер түзүлүштөрүндө аскердик кызматын өтөп жатышкан жарандар. Аскер кызматчыларынын катарына офицердик курамдагылар, прапорщиктер, мөөнөттөн тышкары кызмат өтөп жатышкан аскер кызматкерлери, аскердик окуу жайлардын курсанттары, жоокерлер, мөөнөттүү кызматтын сержанттары жана старшиналары кирет.[1]


Шилтемелер түзөтүү

  1. Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору,авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7