Астрономиялык бирдик - астрономиядагы аралык бирдик; Күн системасынын чегинде Жерден Күнгө чейинки аралык: 1 астрономиялык бирдик = =149,597870 км ±2 км (Эл аралык астрономиялык союзда 1976-жылы кабыл алынган). Мисалы, Плутон планетасы менен Күндүн ортосундагы орточо аралык 39 астрономиялык бирдикке барабар. Астрономиялык бирдикти 17-кылымда И. Кеплер киргизген. Жылдызга чейинки аралык парсек (пс) менен туюнтулат. Жарык жылы - 1 жылда жарык басып өткөн аралык (9 трлн км же 1/3 пс).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1