Манас музейи: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
+ links, fix some categories
Жон эле
Белгилер: Reverted Көрсөтмөлүү оңдоо мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү
1-сап:
'''«Манас» музейи''' – [[Талас өрөөнү|Талас өрөөнүндө]] Манастын күмбөзүнүн жанына курулган адабий этнографиялык музей. [[Музей|Музейдин]] долбоорун 1983-жылы [[Архитектура|архитекторлор]] [[Э. Нурбеков]], [[М. Сыдыков]], [[Д. Сариев]], [[В. А. Иванов]], инженери [[Астафьев]] түзүшкөн. Музейди куруу 1992-жылы башталган. «Манас» музейи Манастын кароол дөбөсүнүн этегине курулган эки кабат имараттан турат. Имараттын өлчөмү 22,5х22,75 м, бийиктиги 10,5 мден ашык. Төбөсүнө сегиз канат боз үйдөй өлчөмдөгү «туулга» кумпа (купол) чыгарылып, ал цинк темирден жасалган. 1-кабатынын [[экспозиция аянты]] 150 м<sup>2</sup>, залдары эпос боюнча жүргүзүлгөн илимий изилдөөлөргө арналып, 4 темага бөлүнгөн. Алар: манасчылар, [["Манас" эпосу|«Манас» эпосун]] изилдеген илимпоздор, Манастын күмбөзүн казуу жана изилдөө менен иш жүргүзгөн илимпоздор, «Манас» эпосу көркөм чыгармачылыкта (көркөм сүрөт өнөрүндө, музыкада, театрда ж. б.). 2-кабат толугу менен «Манас» эпосуна арналган.
 
Залдын ортосундагы дубал «Манас» эпосунун хуйо жалпы идеясына арналып, аны Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү [[Ж. Кадралиев]] жасалгалаган. 2-кабаттын залдарынан эпостун мазмунуна ылайык, кыргыздардын тышкы душмандардын кысымынан ыдырап, туш тарапка чачырашынан, Манастын төрөлүшүнөн башталып, анын балалыгы, эр жетиши, баатырдын элди бириктирген жана аны коргогон эрдик иш аракетинен тартып, анын дүйнөдөн кайтканына чейинки маалыматтарды алууга болот. Экспозиция археологиялык казуу учурунда, республика боюнча жүргүзүлгөн экспедицияларда табылган этнографиялык баалуу материалдар (экспонаттар) менен коштолот. Музейди жасалгалоого сүрөтчүлөрдүн жана дизайнерлердин тобу ([[Т. Исамадыров]], [[И. Бакиров]], [[Ш. Жекшембаев]], Ж. Кадыралиев) катышкан. Музейдин айланасы көрктөндүрүлгөн.
 
==Колдонулган адабият==