Атерома — (грек тилинен келген аtherоmа, athera — суюк ботко жана оmа — шишик) теридеги май бөлүп чыгаруучу майда бездердин түтүкчөлөрүнүн бүт өлүшүнөн пайда болгон зыянсыз шишик. Май бездери бет, баш, моюн терилеринде көп кездешет. Атероманын адегенде өлчөмү таруудан да кичине болот да, акырындык менен чоңоё берип, тооктун жумурткасындай өлчөмгө жетет.

Атерома ден соолукка анча зыяны жок, бирок ал чоңойгон сайын адамдын көркүн бузат же ар кандай жагымсыз жагдайдын таасиринен сезгенип, ириңдеп, абсцесске айланып кетсе, хирургиялык жол менен алынат. Атероманын пайда болушун алдын алууда терини ар дайым таза кармоо, ошондой эле чөйрөнүн жагымсыз факторлорунан сактоо, керек.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1