АТКА МИНЕР – өзүндө бийлиги жок, бий-болуштун жан-жөкөрү. Ал күч эмгегинен качып, ат үстүндө жүрүп оокат кылган кошоматчы, мансапкор деген мааниде айтылган. Болуш, бий жана старчындарды шайлоону уюштурууда өзүн бийлеген кандидатурасынын жеңип чыгышы үчүн көмөк көрсөткөн. Өз тарабы жеңип чыкса анын да кадыр-баркы өскөн.

Адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Бишкек, 2003 « Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, И. Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Педагогикалык Университети»

Интернеттик шилтемелер түзөтүү