Атомистика (атомизм) — материянын үзүлмө (дискреттүү) түзүлүшү жөнүндөгү окуу (атомдор, молекулалар ж. б. макробөлүкчөлөр). Материя үзүлмөлүү (дискреттүү) ж-а туташтык (үзүлбөгөндүк) биримдигинен тураарын түшүндүрөт. Атомистика жөнүндөгү окуу байыркы Индиянын философиялык агымдарында берилген. Кийинчерээк Левкипп, Демокрит, Лукреций, Эпикур ж. б. антикалык философтор толуктап ж-а бир негизге келтиришкен. Алар атомдор бөлүнгүс, чектүү ж-а эң майда бөлүкчөлөр, ал бардан жок болбойт, жоктон бар болбойт деп эсептешкен. Атомдордун аздыгынан же көптүгүнөн, салмагынан, ылдамдыгынан ж-а бири-бирине болгон жайгатуусунан заттардын Ааламдагы чексиз түрлөрү түзүлөт деп түшүндүрүшкөн. Атомистика идеясы экперименталдык табият таануу алкактарында, баарынан мурда химия м-н физикада ар тараптуу иштерди жүргүзүү үчүн кубаттуу колдоого ээ болгон. Атом түшүнүгүнүн өзү мурдагы каймана, үстүрт көрсөтүүлөрдөн арылып, химияда элементтин химиялык касиеттерин алып жүргөн ажырагыс бөлүгүн түшүндүрүп калды. Заттын бир же бир нече атомдордон турган эң кичине бөлүгүн молекула деп аташты. Атомистика табият таануунун кыйла фундаменталдуу проблемаларын чечүүгө жол ачты. Макротелолордун касиеттерин ж-а закондорун билүү м-н атомдордун ж-а молекулалардын касиеттерин, кыймылын жөнөкөй жол м-н түшүндүрүүгө боло тургандыгы аныкталды (химиялык, реакциялардын табияты, жылуулуктун молекулалык-кинетикалык теориясы. Физиканын статистикалык закондору ж. б. у. с.). Энергиянын нур чыгаруу, жутулуу процесстеринин ж-а фотоэффекттин үзүлмө мүнөзүнүн ачылышы мүмкүндүк берди, аларда болсо кванттык талаалар атомдор сыпатында каралат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1