Афоризм (грекче — кыска, даанышман, учкул сөз) — терең маанилүү, таамай таап айтылган нускалуу сөздөр. Элдик макал-лакаптар мааниси жагынан афоризмге жакын. Акын-жазуучуларда бул типтеги чыгармалар өзүнчө түр катары (бир шилтемдер, төрт сап ырлар түрүндө) кезигет. А. Токомбаевдин бир шилтемдери, Т. Сыдыкбеков, Н. Байтемировдун накыл сөз түрүндөгү чыгармалары буга мисал болот. Токтогул сыяктуу ак таңдай ырчылардын көбүнүн чыгармаларынан афоризмдер четтен табылат. Мисалы, Токтогулдун «Сурап ичкен тамагың, суу ичкен менен барабар», «Дениң соодо эринбей, бекерликке берилбей» сыяктуу саптары афоризмдерге айланып кетти. Азыр афоризмдердин өзүнчө бир топтомдору түзүлүп жатат. Мисалы, «Залкар ойлор» деген китеп (түзгөн А. Ашыров).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1