Ацидоз — организмдеги органикалык кислоталардын жетишсиз бөлүнүшүнүн жана кычкылданышынын натыйжасында кислота-жегичтик тең салмактуулуктун бузулушу.

Ацидоз организмде кан менен ткандарда кислота аниондорунун өтө көбөйүүсүнөн байкалат. Түрдүү ысытма ооруларда, ич өткөндө, кош бойлуу мезгилде, ачка болгондо жана башка кислоталар организмден жакшы бөлүнбөй, анда топтолуп, жеңил түрүндө — заарада ацетоуксус кислотасы жана ацетон пайда болот; оор түрүндө (кант диабети) эстен тандырышы мүмкүн. Дарылоо аны пайда кылган себептерге карата жүргүзүлөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8