Кайрак баатырУлуу Ата Мекендик согушта немецтик-фашисттик баскынчылардан коргонууда шаардыктардын массалык түрдө көрсөткөн баатырдыгы жана эрдиги үчүн айрым шаарларга ыйгарылган ардактуу наам. 1965-жылы 8-майда СССР Жогорку Советинин Президиумунун Указы менен Москва, Ленинград, Киев, Одесса, Севастополь, Сталинград, Тула, Мурманск, Смоленск шаарлары Баатыр шаары, Брест чеби баатыр-чеп аталып, Алтын Жылдыз медалы жана Ленин ордени ыйгарылган. Жоокерлердин жана шаар тургундарынын зор эрдигин белгилөө урматына 1942-жылы 22-декабрда «Ленинградды коргогондугу үчүн», «Одессаны коргогондугу үчүн», «Севастополду коргогондугу үчүн», «Сталинградды коргогондугу үчүн», «Москваны коргогондугу үчүн», 1961-жылы«Киевди коргогондугу үчүн» медалдары чыгарылган. 1973-жылы Беларусиянын, Крымдын, Кавказдын немец фашисттеринен бошотулгандыгынын 30 жылдыгы белгиленип, ошол эле жылы СССР Жогорку Советинин Президиумунун Указы менен Новороссийск, Керчь шаарына жана 1974-жылы Минскиге Баатыр шаары деген ардактуу наам берилген. Баатыр шаары да Ленин орденинин, Алтын Жылдыз медалынын сүрөтү жана СССР Жогорку Советинин Указынын тексти жазылган обелиск коюлган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү