«БАБУР-НААМА» – султан Бабурдун өмүр баянын жана 1493–1529-жылдары Орто Азия, Ооганстан, Түндүк Индиядагы тарыхый окуяларды камтыган Бабурдун эмгеги. Ал эмгекте Кыргызстандын саясий тарыхына жана тарыхый географиясына байланыштуу маанилүү маалыматтар кездешет. Ошондой эле Түштүк Кыргызстандын тоолуу аймагын мекендеген чогорок уруусу тууралуу да айтылган. Кол жазма толук бойдон сакталган эмес. 1857-жылы жана 1905-жылы жарыкка чыккан.

Адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Бишкек, 2003 « Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, И. Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Педагогикалык Университети»

Интернеттик шилтемелер түзөтүү