Бадинов Толибжон - (1939, Өзбек ССРи, Анжиян облусу, Избаскен району, Чуама кыштагы) актёр, Кыргыз ССР эл артисти (1988). 1955-62-жылдары С. М. Киров атындагы Ош өзбек музыкалык-драма театрында иштеген. 1963-70-жылдары Ташкен мамлекеттик консерваториясында окуган (бир эле мезгилде Өзбек радиоуктуруу жана телекөрсөтүүсүнүн маком (ыр) ансамблинин солисти). 1964-73-жылы Ташкен шаарындагы Мукими атындагы театрда, 1973-жылдан Ош өзбек музыкалык-драма театрында артист. Аткарган негизги ролдору: Равшан (К. Яшин, «Равшан менен Зулмухор»), Сабир (И. Акрамов, «Адолат»), Ашырбай (Т. Абдумомунов, «Ашырбай»), Сарытаз (Ж. Садыков, «Манастын уулу Семетей») жана башка Бадиновдун макомдору (ырлары) жазылган грампластинкалары чыккан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү