Бажы органдарыКР бажы мыйзамдары боюнча КР бажы иштерин уюштурууну ишке ашырууга багытталган мамлекеттик органдар. Бажы органдары укук коргоо органдарынын статусуна ээ. Бажы органдарынын жайгашуучу жерлери жүргүнчүлөрдүн жана товардык жүгүртүүлөрдүн көлөмүнө, айрым аймактардын тышкы экономикалык байланыштарынын өнүгүшүнүн ургаалдуулугуна, унаакөлүк уюмдарынын, экспорттоочулардын, импорттоочулардын, тышкы экономикалык байланыш иштеринин башка катышуучуларынын керектөөлөрүнө, ошондой эле башка жагдайларга жараша КР Өкмөтү тарабынан аныкталат. Бажы өкүлү-товарларды ташып келүүдө бажыда операцияларды жүргүзүү үчүн импорттоочу тарабынан ыйгарым укук берилген адам[1].

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  1. Бажы брокери эмне кылат