Баланте (балант, буланда, брасса) — Батыш Африкада жашаган эл.

Баланте

Баланте өспүрүмдөрү
Мамлекеттер жана аймактар

Бардыгы: 700 миң адам
 Гвинея-Бисау — 600 миң
 Кабо-Верде — 60 миң
 Сенегал — 30 миң

Тили

баланте

Дини

жергиликтүү салттуу ишенимдери

Расалык тиби

негроид

Гвинея-Бисау 600 миң
Кабо-Верде 60 миң
Сенегал 30 миң

Жалпы саны 700 миңге жакын адам.

Тил түзөтүү

Баланте тилинде сүйлөшөт. Ал тил Нигер-конго макробүлөсүнүн курамындагы Батыш-атлантикалык тобуна кирет. Тил бир нече диалектилерге бөлүнөт.
Ошондой эле, португал тили кеңири таралган.

Дин түзөтүү

Көбү жергиликтүү салттуу ишенимдерди карманышат. Баланте элине политеизм, ата-бабаларга жана жаратылыш рухтарына сыйынуу мүнөздүү.

Чарбалык иштер түзөтүү

Негизги кесиби — тропикалык жерлерди иштеттирүү. Жүгөрү, жер жаңгак, күрүч, маниок, батат, фонио таруусу, ямс өстүрүшөт.
Ири жана майда мүйүздүү мал багышат.
Андан тышкары балык уулоо жана аңчылык менен алектенишет.

Кол өнөрчүлүк түзөтүү

Баланте жасаган кооз саймалар жана оймо-чиймелер дүйнө жүзү боюнча белгилүү.

Тамак-аш түзөтүү

Күрүчтөн, фониодон, пальма майы кошулган сорполор ​​жана ботколор.

Коом түзөтүү

Коомдук түзүлүштүн негизин чакан жана көп балалуу үй-бүлөлөрдү бириктирген айылдык жамааттар түзөт. Алар негизинен чакан айылдарда жашашат. Туугандык эсеп — эне жактан.

Турак жай түзөтүү

Тик бурчтуу үй. Чатыры бийик эки же төрт бурчтуу. Дубалдары камыштан жана чоподон жасалган. Короолор бийик тосмолор менен курчалган.

Булактар түзөтүү