Бала бакча - мектепке чейинки курактагы балдарды тарбиялоочу коомчулук жана жекече адамдар тарабынан уюштурулган мекеме. Бала бакча мектепке чейинки курактагы балдарга ар тараптуу билимдин, тарбиянын негиздерин берет.

Жашына карай бөлүнүшү түзөтүү

Мектепке чейинки мекемелерде 1 жаштан 6–7 жашка чейинки балдар тарбияланат. Бала бакчалардагы топтор төмөнкүдөй бөлүнөт:

 
№ 144 Бала бакча[1]
– 1 жаштан – 2 жашка чейин – наристелердин экинчи тобу;
– 2 жаштан – 3 жашка чейин – биринчи кенже балдар тобу;
– 3 жаштан – 4 жашка чейин – экинчи кенже балдар тобу;
– 4 жаштан – 5 жашка чейин – ортоңку курактагы балдар тобу;
– 5 жаштан – 6 жашка чейин – жогорку курактагы балдар тобу;
– 6 жаштан – 7 жашка чейин – мектепке даярдоо тобу.

Окуу-тарбия иштери жогоркудай жаш курактарына, жекече жаш өзгөчөлүктөрүнө ылайык түзүлгөн программанын чегинде жүргүзүлөт. Ар бир топто 20дан- 30га чейин бала болот, ага тарбиячы жана тарбиячынын жардамчысы бекитилет. Бала бакчасын атайы педагогилык билими бар, тажрыйбалуу педагог жетектейт.

Бийликтин иштери түзөтүү

Окуу-тарбия иши билим берүү министрлиги тарабынан бекитилген мамлекеттик жана альтернативалык программалык документтер боюнча мамлекеттик, ырасмий тилде ж. б. улуттар басымдуу жайгашкан чөйрөдөгү ата-энелердин каалоосу боюнча тандалып алынган тилде жүргүзүлөт.

Бала бакчалардын педагогдору, дарыгерлер режимдик талаптардын так аткарылышына, балдардын ден соолугуна жана алардын дене-бой жагына өнүгүшүнө жетекчилик жана көзөмөлдүк жүргүзүшөт. Бала бакчада өзгөчө көңүл (бир күндө 3–4 саат) дидиактикалык-өркүндөтүүчү жана кыймылдуу оюндарга берилет. Ал эми атайы уюштурулган сабактарда балдардын эне тилине, эсептөөгө, сүрөт жана конструкциялоого, ырдоо-бийлөө, айлана-чөйрө менен тааныштырууга бурулат.

Мектепке даярдоо тобунун программасынын негизинде башталгыч мектепте ийгиликтүү окууга даярдоо ишке ашырылат. Эмгекке тарбиялоо – балдардын өзүн-өзү тейлөө, жаратылыш бурчунда, бакчанын короосунда өсүмдүк жана жаныбарларга кам көрүү, дежурдук милдетти аткаруу ишмердиктеринде жүргүзүлөт.

Мектепке чейинки мекемелер үй бүлө менен тыгыз байланышта иш алып барат. Ата-энелер, коомчулук Бала бакчада окуу-тарбия ишин уюштурууга, анын жакшы идеяларын эл арасында жайылтууга көмөк көрсөтүшөт. Камкорчулар кеңеши Бала бакчада бардык иш-аракеттерине активдүү катышып, мүмкүн болгон моралдык жана материалдык колдоолорду көрсөтүшөт. Ата-энелердин суроо-талаптарын аткаруу жана балдардын ден-соолугуна кам көрүү, аларды колдоо максатында жер-жерлерде атайы Бала бакча топтор уюштурулат: күнү-түнү иштөөчү, (ден-соолугу начар, начар уккан (дүлөй), начар көргөн (сокур) балдар үчүн) санитардык типтеги Бала бакча ж. б.

Тарыхы түзөтүү

1990-жылы республикабызда Бала бакчанын саны 1860 болсо, 2003-жылы алардын саны 460 түзөт. Коомдогу социалдык-экономикалык өзгөрүүлөргө байланыштуу бюджеттик Бала бакчалары менен бирге азыркы күндө альтернативдүү: үй-бүлөлүк бакча, «Энелер мектеби», «Кошумча билим, тарбия кызматын көрсөтүүчү борборлору» ж. б. уюштурулууда.

== бала бакчада отулуучу сабактар

  • Бала бакча №144 бала бакча
  • Колдонулган адабияттар түзөтүү

    • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Педагогика (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,