Балдардын жана өспүрүмдөрдүн спорт мектеби

Балдардын жана өспүрүмдөрдүн спорт мектеби — жалпы билим берүүчү мектептин окуучуларынан ар тараптан өнүккөн жаш спортсмендерди, ошондой эле мектептерде жана спорт боюнча массалык иштерди жүргүзүүчү коомдук дене тарбия активдерин даярдоочу мектептен тышкаркы атайын спорттук мекемелер. Мындай мектептер шаарларда, айыл жерлеринде түзүлөт. Мектепте сабак спорттун эки жана андан көп түрү боюнча жүргүзүлөт. Спорттук мектептерге балдардын дене даярдыгы эске алынып, жалпы билим берүүчү мектептердин сунушу жана ата-энесинин макулдугу менен 7 — 14 жаштагы балдар жана өспүрүмдөр кабыл алынат. Мектепке кабыл алынгандар окуу жылында сыноо мөөнөтүн өткөрүү үчүн алгачкы даярдык топторуна бөлүштүрүлөт. Андан кийин (окуу талабын аткаргандар) окууну улантуу үчүн кайрадан топторго бөлүштүрүлөт.

Мектептерде төмөнкүдөй топтор уюшулат: даярдоочу; өспүрүмдөрдүн 2 жана 1-спорт разряддары; чоңдордун 2-жана 1-спорттук разряддары; спорт мастерлигине кандидаттар; спорт мастерлери. Жыл сайын окутуу үчүн жалпы жана атайын дене даярдык жана спорттук жетишкендиктердин деңгээли боюнча нормативдер белгиленген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8