Балдар жана өспүрүмдөрдүн гигиенасы

Балдар жана өспүрүмдөрдүн гигиенасы – тиричилик шарт жана окуу-тарбия иштеринин баланын өсүп-өнүгүшүнө, ден соолугуна таасир этишин, о. эле аларга карата иш-чараларды иштеп чыгуучу илим тармагы.

Окуучулардын эмгек гигиенасы түзөтүү

1. Окуучулардын эмгек гигиенасы – акыл жана кара жумуш эмгектеринин, о. эле санитардык профилактикалык чаралардын комплексинин окуучунун ден соолугуна эмгектенүүсүнө, аракет жөндөмүнө таасир этишин изилдөөчү тармак. Мында окуучулардын жаштык өзгөчөлүгүнө, мүмкүнчүлүгүнө таянып аба, жарык, нымдуулук режимдерди оптималдуу шарты, эмгектенүү учурунда камсыз болушу каралат.

Окуучу эмгектенүүнүн тиги же бул түрлөрүнө тартылганда алардын ден соолугундагы өзгөчөлүк жана ага каршы келбегендей режим тандалат. Мис. температуралык режимдер столярдык жайда 14–18. Слесардык жайда – 12–16 жылуу болуу керек. Кол эмгеги өткөрүлүүчү класстын температурасы 18 тан төмөн же жогору болбоосу керек. Эмгектенүүдө окуучулар иш операцияларды алмаштырып аткарышат. Бир операция 10–15 минутадан ашпашы керек. Окуучулардын кара жумушта эмгектенүүсү 14 жаштагылар үчүн 2 саат, 15–16 жаштагылар үчүн 4 сааттан ашпоосу зарыл. 11–14 жаштагы балдар ар бир 30 минутада 10 минута дем алат. Эмгектенүүнүн бардык түрлөрүндө коопсуздук чаралары сакталат.

Мектеп гигиенасы түзөтүү

2.Мектеп гигиенасы – окуучулардын ден соолуугун сактоо, чыңдоонун жолдору жана каражаттары жөнүндөгү илим. Өзүнчө илимий тармак катары XIX кылымдын экинчи жарымында калыптанган. Бул илимдин пайда болушуна мектеп окуучуларында дайыма кеңири таралып келген оорулар себеп болгон. Мисалы: көрүү органынын оорулары, дене турпатынын өзгөрүшү, неврастения, аз кандуулук болуп эсептелет. Бул оорулардын себебин изилдеп келгенде окуучуларга сабактын көптүгү артыкча жүк болгондугу, мебелдердин туура жасалбагандыгы, жарыктын туура эмес коюлгандыгы ж. б. себеп болгон. Мындай кемчиликтерди жолго кою үчүн көптөгөн изилдөөчүлөр иштеп, бир нече эмгектер жаралган. Көпчүлүк мамлекеттерде бул боюнча конгресс өткөрүлөт. Конгресс 1904-ж. (Нюрнберг), 1907-ж. (Лондон), 1910-ж. (Париж), 1912-ж. (Буффало), 1947-ж. (Париж), 1957-ж. (Берлин) өткөн. Мектеп гигиенасынын негизги маселелери төмөнкүлөр: ден соолугунун абалы жана бой салмагынын өсүшү, акыл-эсинин өрчүшү; окутуунун жана тарбиялоонун гигиенасы; мектеп окуучусунун эмгек режими жана дем алуусу; бала бакча жана билим берүү мекемелеринин санитардык гигиеналык жактан талапка жооп бериши; жугуштуу оорулардын алдын алуу.

Окуу куралдарына карата гигиеналык талаптар түзөтүү

3. Окуу куралдарына карата гигиеналык талаптар – окуу куралдагы ачык, даана басылган печаттык тексттер көздүн аракетин жеңилдетет, көп чарчатпайт. Окуу китебинин барактары ак, глянцталбаган болуу керек. Контрасттуу болуу үчүн кара түстөгү тамгалар колдонулуп, ак кагазга жөнөкөй жана ачык, даана шрифт менен басылат. Тез окуган адамдар үчүн шрифттин бийиктиги 1,75 м, сабаттуулукка жаңы үйрөнүп жаткан окуучуга шрифтин 2,8 мм. 2–4-класстар үчүн 2,1–2,4 мм окуу китебиндеги саптын узундугу 78–80 мм болсо окуганга женил болот. Эки саптын аралыгы 2,7–3 мм болуу керек. Ар бир беттин жогорку, төмөнкү жана оң жагындагы талаасы 30 мм болсо жарык жакшы чагылып, контраст жогорулайт.

Химиялык идиштердин кыры тегиз, өзү бекем болуу керек. Металл приборлордун учу, курч бурчтары тегерегирээк формага келтирилет. Окуу куралдарынын көлөмү, бийиктиги, формасы жана салмагы окуучулардын боюна жана жаш өзгөчөлүгүнө ылайыкталып жасалат. Таблицаларга ылайыкталган кагаздар жылтырак эмес, бирок ак түстө болот. Куралдар, таблицалар, карталар анча ачык эмес күңүрт түстөр менен боёлот.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Педагогика (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,