Балыкты суу көлдөрүТалас Алатоосунун түш. капталындагы аты окшош өзөндүн алабында жайгашкан үч көл (экөө чакан, бирөө чоң).

Чоңунун уз. 400 м, туурасы 200 м. Деңиз деңг. 3620 м бийиктикте, аянты 0,07 км2. Суусунун көлөмү 0,41 млн м3. Тереңд. 14 м. Көл эриген кар ж-а капталдардан агып түшкөн жыбыт суулары м-н толукталып турат. Түсү көгүш-жашыл, тунуктугу 4 м. Кышында тоңот. Чанагы мөңгүнүн аракетинен пайда болгон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2