Бал каймак — сүт тамактарынын бир түрү. Ал кам каймактан майы бөлүнгөнгө жеткирбей кайнатылып даярдалат. Ага айрым учурда бир аз ун чалып да кайнатышат. Даамы таттуу болуп, жегиликтүү келгендиктен бал каймак деп аталат. Муну көбүнчө балдарга беришет. Бал каймак - бүгүнкү хакастардын рационундагы чүйгүн тамактардан болуп саналат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү