Барпы Алыкул уулу (1884, Сузак району, Ачы кыштагы – 9. 11. 1949, Бишкек) – кыргыз ырчылар поэзиясынын классиги, көп кырдуу ойчул акын. Кедей үй-бүлөдөн. Сегиз жашынан жергиликтүү кыргыз байларынын малын карашып, он бирге чыкканда өзбектердин бадасын багып, Мадалы ажынын үй жумушун аткарып, он төртүндө Азирети Эшендин колунда кызмат кылууга өткөн. Андан Макаторпоктогу тайы-журтуна качып барып, он бешинен эл алдына ырдап чыккан.

Адегенде Семетей найыпты жандап (болуштукка талапкер болгон), анан жети жыл Кара-бий менен жүргөн («Беш бала»). Атасы дүйнөдөн өткөндөн (1904) кийин туулган жерине кайтып келген. Октябрь төңкөрүшүнөн соң Түштүк Кыргызстанда Совет бийлигин орнотууга катышып, «Кошчу» союзунун, өз ара жардамдашуу топторунун жооптуу кызматтарында иштейт. 20-жылдарда Жарды-жалчы комитетинин төрагасы, кийинчерээк Жалал-Абад кантонунда Чаңгет айыл кеңешинин төрагасына орун басар болот. 30-жылдардын башында катуу ооруп, 2-көзү да жакшы көрбөй калат.

Ошондон тартып коомдук турмушка жалаң ырчылык өнөрү, нускалуу сөз күчү менен гана катышып чектелет. Барпы – Ааламга ой жүгүртүп, Аалам курулушу жөнүндө ырдаган даанышман санатчы («Айт! Айт! десе, Ааламды айт!», «Күн», «От», «Жер», «Аккан суу», «Шамал»).; Барпы – «Ааламдагы адамды»; анын көп түрдүү, көп мүнөздүү, көп кырдуу келген кармалбас табиятын ырга салган акын («Адам», «Адамзаттын балдары», «Напси», «Жоомарттык», «Питина», «Ач көз», «Болор жигит», «Болбос жигит», «Аялдын жакшысы», «Аялдын жаманы» жана башка).; Барпы – айтыш өнөрүнүн бардык түрлөрүн чегине жеткире өнүктүрүп, түрдүү формалар менен күтүүсүз-күтүлүү ыкмаларга салып таймашууга ашкере машыккан чыныгы универсал талант (Бекназар, Жеңижок, Эшмамбет, каражаак Калмырза, Нурмолдолор менен болгон айтышы).

Барпы – махабат ырларын Чыгыштын Хафиз, Ша Машриптай көсөм акындары жеткирген эң жогорку деңгээлде ырдаган улуу акын («Мөлмөлүм», «Гөзал кыз», «Коноюн» жана башка).; Барпы – бир нече элдин руханий байлыгын бир адамдын жандүйнө стихиясына айландырып, Чыгыш маданияты менен кыргыз, кыпчак, ичкилик, өзбек маданиятын эркин туташтырып турган жандуу көпүрө. Барпы – кыргыз тилинин алтын хорун түрдүү маани, атама, түрдүү боёк, угум, туюмдар менен байытып келаткан жандуу таасири түгөнбөс казына. Барпы эки доор, эки түзүлүш көрүп жашаган акын. Өз замандаш, өнөрлөштөрү сыяктуу эле жаңы заманды, Ленинди, партияны, социалисттик курулуштун жүрүшүн ырга салат. Өзүнүн ички турмушун, жеке тагдырын келтире ачып көрсөткөн ырлары да көп.