Барскоон шаркыратмасы

Барскон шаркыратмасы‎»‎ барагынан багытталды)

Барскоон шаркыратмасыЫсык-Көл өрөөнүндө. Барскоон суусунун алабында. Барскоон капчыгайынын батыш капталынан агып түшкөн Шаркырак суусунун ортоңку агымындагы карбон мезгилинин сланец тоотегинен түзүлгөн тик кашаттан агып түшүп, диаметри 10-15 м ге чейин фонтан сымал чачырайт. Айланасында карагай токою, чытырман бадалдар (четин, тал, итмурун, шилби, сары жыгач ж. б.), жапалак арча өсөт. Бийикт. 24 м. Чоң шаркыратмадан 150 м төмөн, бийикт. 12 м келген кашатта экинчи шаркыратма пайда болгон. Барскоон шаркыратмасы туристтер эс алуучу жай. Анда 1962-ж. дүйнөнүн туңгуч космонавты Ю. А. Гагарин болгон.

Барскоон шаркыратмасы.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4