БаткенКыргызстандагы шаар. Баткен облусунун жана Баткен районунун административдик борбору.

Отурукташкан жай
Баткен
Желек Герб
Желек Герб
Өлкө Кыргызстан
Облус Баткен облусу
Район Баткен району
Координаттар 40°03′ с. ш. 70°49′ в. д.HGЯO
Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү 1934
Борборунун бийиктиги 1036 м
Убакыт аралыгы UTC+6
Калкы
Калкы 27 730[1] адам (2021)
Сандык идентификаторлор
Телефон коду +996 3622
Баткен (Кыргызстан)

Калкы — 27 730 киши (2021-жылдын башына).

Географиясы түзөтүү

Кыргызстандын түштүк-батышында, Оштон болжол менен 240 км алыстыкта жайгашкан.

Шаардын жалпы аянты 5180 га. Шаардын жеке аймагы (үлүш участкаларын кошпогондо) 1143 га. Айыл-чарбасы үчүн 4037 га, анын ичинде 1 106 га — дыйкан-чарба үлүштөрү, алардын 918 га—сугат; 393 га—ФПС жерлери, анын ичинде 316 га — сугат; 27 га— айдоо ; 111 га—шаардыктардын үлүш участкалары жана 2400 га жайлоо.

Шаардын администрациясына караштуу жерлер 205 км² түзөт. Анын ичинен 51,8 км² шаар аймагы, калган 153 км² үч шаар четиндеги айыл аймактары(алардын ичинен эң чоңу 6378 киши калкы бар Кызыл-Жол айылы), баары биригип 11 925 киши [1]. Шаар администрациясына караштуу жерлерде 19 765 адам жашайт.

Тарыхы түзөтүү

Баткен айылы 1934-жылдын апрелинде, бир аталыштагы Баткен районунун аймактык борбору болуп, 1999-жылы боевиктердин бир нече ирет жасаган кол салууларынан кийин башкарууну күчөтүү үчүн, Ош облусунун 3-районунан Баткен облусу Баткен—административдик борбору менен түзүлгөн. Ушул окуялардан соң 2000-жылы Баткен айылына шаардык статус берилген, 2000-жылы айылдын калкы 10 987 кишини түздү. 2001-жылы шаардын четиндеги 3 айыл шаарга кошулган.

Административдик-аймактык түзүлүшү түзөтүү

Административдик-аймактык түзүлүшү боюнча шаар 6 кварталга бөлүнгөн — Аэропорт, Базар-Башы, Булак-Башы, Келечек, Кызыл-Дөң жана Кызыл-Жол.

Эскертүүлөр түзөтүү