Бату

Батый, Бату‎»‎ барагынан багытталды)

Батый, Бату (1208-1255) - монгол ханы. Жуучунун экинчи баласы, Чыңгыз хандын небереси. Атасы каза болгондон кийин Батый анын жерлерин ээлеп калат, кийин Чыңгыз хан аны улуска хан кылып дайындайт (1255). Россия жана Чыгыш Европага жасаган жүрүштүн негизги уюштуруучуларынын бири (1236-1241). Үгөдөй хандын өлүмү жөнүндө кабар алып, Батышка жасаган жүрүшүн токтотот да, улуу ханды шайлоого катышуу учун Монголияга кайтып келет. Батыш аймактарын басып алгандан кийин Б. Жерлерин өзүнүн бир туугандары менен болушуп алат. Батыйга Карпат тоолорунан чыгыштагы Жайыкка (Оролго) чейинки; Шейбанга - Сибир, Ордо-Иченге - Казакстан аймагы тийет. Батыйдын улусу - Оң канат, Ордо-Эжендики - Сол канат деп аталган.

Батый Бату

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз тарыхы энциклопедия. Бишкек - 2003ж.